Радио

Мукаев: 29-майда ЕАЭБ күнү белгиленет

Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын башчысы Нурсултан Мукаев ЕАЭБдин алкагында мерчемделип жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Sputnik
29-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин күнү белгиленет. Бул тууралуу Нурсултан Мукаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, былтыр жетекчилик 29-майда өлкөдө ЕАЭБ күнүн белгилөө демилгесин көтөргөн.
"2014-жылы 29-майда учурда иштеп жаткан келишимге кол коюлган. Ошондуктан былтыр бул датаны белгилөө демилгеси көтөрүлгөн. Быйыл алгачкы жолу ЕАЭБ күнү белгиленет. Анын алкагында министрликтерде, мамлекеттик органдарда ишкерлер менен жолугушуулар болуп, уюмда кездешкен көйгөйлөр талкууланат. Анткени бардык тараптардын пикир алышуусу маселени тез чечүүгө өбөлгө түзөрү талашсыз. Дүйшөмбүдө, 29-майда, саат 14:00-16:00гө чейин Экономика жана коммерция министрлигинин экинчи кабатында ишкерлер, каржылык институттардын катышуусунда жолугушуу болору күтүлүүдө", — деди Мукаев.
Ошондой эле 2024-жылга ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар пландалып жатканы айтылды.