23-майга карата аба ырайы

23-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгалак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май. — Sputnik. 23-май, шейшембиде, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +19...+24, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +15...+20, Нарын жергесинде +17...+22 градус болот.
Күндүн табы борбор калаада +19...+21, Ош шаарында +27...+29 градуска чейин көтөрүлүп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Эскертүү! Бишкекте түтүктөр жарылып, жолдорду суу капташы мүмкүн