Эненин жүрөгүндөгү тынчтык – өлкөнүн тынчтыгы! Жапаров Энелер күнү менен куттуктады

Ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргызстанда Энелер күнү белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Ар бир мамлекеттин гумандуулугу аялга болгон мамилеси менен баамдалат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Энелер күнү менен куттуктоосунда айтты.
"Биз коомдун өнүгүшүнө, өлкөнүн өркүндөп-өсүшүнө зор салым кошуп келе жаткан апаларга, жалпы эле аялзатына кам көрүүнү эртеңки келечегибизди аныктай турган негизги милдет деп билебиз. Мамлекетибиздин социалдык саясатынын эң маанилүү артыкчылыктуу багыты деп карайбыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент аялзатынын коомдогу ролуна токтолду.
"Тегиңди сактайм десең уул тарбияла, улутту сактайм десең кыз тарбияла" деген накыл кепти туу тутуп, мамлекетибизге, эл-жерибизге акылын азык, каруусун казык кылып кызмат кылган уул-кыздарды жарык дүйнөгө алып келип, урпак улап, улут сактап келе жатасыздар! Адамзаттын башына келген бактыны да, мүшкүлдү да көтөрө билген чексиз кенен жүрөгүңүздөрдү, керек болсо таш эритип, тоо кулаткан чексиз мээримиңиздерди эч бир жан тана албас", — деди президент.
Ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргызстанда "Энелер күнү" белгиленет.
Кыргызстанда 3,3 млн. аял жашайт. Энелер күнүнө карата статистика