Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Бахмутту жоготконун моюндады

Артемовск ДЭРдин аймагында жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Украинанын башчысы Владимир Зеленский Бахмутту (Артемовск) жоготконун моюндады. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берип жазды.
Хиросимада өтүп жаткан "Чоң жетиликтин" саммитинде Зеленскийге "Артемовск Киевдин көзөмөлүндөбү?" деген суроо узатылды.
"Жок. Бүгүнкү күндө ал биздин жүрөгүбүздө гана сакталып турат", — деди украин президенти.
Узаган түнү Россиянын Коргонуу министрлиги Артемовск бошотулганын жарыялаган. Президент Владимир Путин шаарды бошотууга катышкан бардык жоокерлерди куттуктаган.
Артемовск ДЭРдин аймагында жайгашкан. Бул — Донбасстагы украин топторун жабдуу үчүн ыңгайлуу транспорттук түйүн. Шаар үчүн канчалаган айлар бою салгылаш жүрүп келген.
Ак үйдүн мурдагы дарыгери: Байден ажолукка талапкерлигин коюуга жарабайт