БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Көлдө көпчүлүк күндөр жаан-чачындуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
22-23-24-майда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Ал эми 25-26-майда айрым гана жерлерде өткүн өтөт.
27-28-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт деп божомолдонууда.
22-23-майда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.