Кокондун эзүүсүнөн элди сактап, кыздарды коргогон. Тайлак баатырды эскерүү

XIX кылымдын башындагы кыргыз элинин атактуу баатырларынын сап башында Ак-Талаа аймагынан чыккан Тайлак Рыскул уулу турат. Кытай-кыргыз чек арасында, Кокон бийлигинин эзүүсүнө каршы күрөштө баатырдын ролу зор болгон.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" программасында конокто Тайлак баатырдын урпактары, "Тайлак мурасы" коомдук фондунун төрайымы Бурмакан Сатыбалдиева жана "Тайлак" спорт клубунун негиздөөчүсү, Эмгек сиңирген машыктыруучу Билимбек Капарбек уулу болду. Биз тарыхый инсандын өмүрү жана саясий ишмердүүлүгү тууралуу маектештик.
— Тайлак баатырдын маңыздуу жана маанилүү жашоосун кеп кылардан мурун анын балалыгына кайрылсак...
Бурмакан Сатыбалдиева: — Саяк уруусунан чыккан Тайлак баатыр 1796-жылы Ички Тянь-Шанда, Ат-Башы менен Ак-Талаанын ортосундагы Каргалык деген жерде туулган. Ата тегинин баары эл бийлеген адамдар болгон. Тайлактын чоң атасы Жанболот баатыр, өз атасы Рыскулбек бий. Илгери түндүктөн чыккан жакшыларды түштүккө жерлетиптир. Азыркы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда "кыргыз көрүстөнү" деген мүрзө бар. Анда кыргыздын акыркы бийлеринин бири Рыскулбектин да сөөгү коюлган. Тайлак баатыр кичинесинде чоң атасынын, кадимки Жанболот баатырдын колунда чоңоёт. Санжырада Тайлак менен Атантайды эгиз деп жүрүшөт. Бирок андай болгон эмес. Атантай Тайлактан он жаш улуу болгон. Тайлак өлгөндө Атантай жерге берет. Алгач Ак-Талаанын Терек айылын жердеп, тышкы душмандардын "башын кесип кетебиз" деген өңдүү каңшаар кептеринен коркуп, Атантай кашкарлык усталарды чакырып суу кечирип келип, Курткадагы азыркы турган күмбөзүнө коёт. Чоң, төөдөй кирпичтерге эчкинин кылын, майын аралаштырып, бышырып, дубалын көтөрүп чыгышкан. Кийин Аскар Акаев президент болуп турган кезде күмбөз оңдоодон өткөнү менен тарыхый баалуулугун жоготуп, сырты агарган цемент болуп калды. Анан да Атантай менен Тайлактын бир жылда төрөлүп, өлгөндүгү жазылган тактайчаны илип коюшат. Бул туура эмес. 2016-жылы Тайлак баатырдын 220 жылдыгы болгондо да ошол кездеги министр Султан Раевге айтып оңдото албай койдук. Ал эми Тайлактын мекенчилдиги, көрөгөчтүгү тууралуу айтсак, ал киши талашсыз баатыр инсан. Өзү 42 жыл жашап, анын 22 жылын кыргыз үчүн арнап, кылымга тете иштерди жасап кеткен. Кыргызстандын чек арасын сактаган. Тайлак баатыр тарыхый инсан катары мектептин окуу программасына киргизилип, тарыхчы Сабыр Аттокуровдун монографиясы окуу куралы катары окутулууда. Тайлактын балалыгы Аксай, Арпа жайлоолорунда өтүп, чоң атасы ар кандай аскердик өнөрлөрдү үйрөткөн. Тарыхчы Аттокуров Тайлак баатырдын өмүрүн төрт этапка бөлөт. Алар: балалыгы, Кокон хандыгы менен болгон күрөшү (улуттук боштондук кыймылынын баштоочусу катары — Б.Сатыбалдиева), кытайлык манжур-цын баскынчылары менен болгон кагылышуусу жана тынчтык мезгилиндеги баатырдын дыйканчылык иштери, кыргыздын жакшыларынын башын кошуусу. Негизи туулган жери болжол менен айтылып жүрөт. Бир маалыматтарда анын өз жери Чүй өрөөнү экени айтылат. Анткени Тайлак баатырдын таятасы Бишкек баатыр болуп жатпайбы. Ал эми Жайыл баатыр менен бөлө экен.
Баатырдын Кокон хандыгы менен болгон күрөшүн да иликтөө керек болуп турат. Азыр тарыхчы Кыяс Молдокасымов кытай кол жазмаларын изилдеп жатат. Ал жакта Тайлак баатырга тийиштүү маалыматтар бар. Президентибиз өзбек лидери менен сүйлөшүп, Ташкенттеги архивдик материалдарды алып келүүгө мүмкүнчүлүк жаралса жакшы болмок.
— Тайлак баатырдын эрдиктери тууралуу айтып берсеңиздер?
Б.С.: — Алгачкы жеңиши Кокон хандыгына каршы күрөштө болуптур. Кокондуктар өлкөнүн ар жерине чептерди сала берген. Алардын бири — Ак-Талаанын Куртка өрөөнүндөгү сепил. Анда кокондуктар 1000ге жакын сарбаздын күчү менен кыргыздарды кыңк эткизбей эзип турган. Алар элден салык алып, кыргыздын уул-кыздарын ордого айдап кетип турушат. Ошондо бир кыз "биз эмне, коргоп алары жоктой олжо болуп кете беребизби?" деп Тайлакка кат жазат. Ага намыстанган Тайлак жанына жигит курап, кыздарды айдап, салык жыйнап бараткан Кокон аскерлеринин баарын өлтүрүп, экөөнү гана аман калтырып ордого салам айттырып жиберет. Алар дароо Тайлакка каршы 500 жигити менен Арап баатырды жөнөтөт. Анын келерин билген Тайлак күтүп жүрөт. Нарында Арал деген жерде Тайлак уктап жатса, Арап баатыр келип найзанын учу менен Тайлакты ойготуп "уктап жаткан адам өлүккө тете, кел, баатыр, күч сынашалы" дейт. Экөө насыбай атып бир аз сүйлөшүп отуруп, анан жекеме-жекеге чыгышат. Тайлак Араптын башын алып, 500 жигитин чачыратат. Кекенген Кокон хандыгы эл арасынан эле тыңчы, саткындарды таап "Тайлактан өчүбүздү алып бергиле" деп ар кандай тымызын иштерди жасоого өтүшөт.
Ал эми экинчи жеңиши айтсак,Тайлак Кашкарды үч жолу чааптыр. Муну изилдеп жүрүп ал кишинин Кашкарга эмнеге барганы кызык болду. Көрсө, геосаясат чынжыр өңдүү ар кылымда кайталанат экен. Тайлак баатыр чек арада чеп болуп, Ысык-Көлдүн түштүгүнөн Торугартка чейин көзөмөлдөп турчу экен. Ал кезде да кытайлар чек арага аскерлерин коюптур. Тайлак баатыр көлөкөдөй болуп, манжур-цын аскерлери кайда жүрсө ошондо жылып, чек араны сактаптыр. Кытай кол жазмаларында ушу кезге чейин "Тайлак тиги чекиттен бул чекитке кетти" деп анын ар бир кыймылын жазып турган баяндама бар экен. Муну кытайлык тарыхчы Анвар Байтурдун китебинен да көрө аласыз.
Билимбек Капарбек уулу.: — Тогуз-Торо менен Ак-Талаанын ортосунда Арал деген жерде Арап баатыр менен Тайлак баатырдын кармашы болот. Арап баатырды күтүп отуруп Тайлактын уктап калганы чын. Келип ойготкондо Тайлак баатыр насыбай сурайт, тиги чакчасын ыргытканда оң колу менен тосуп алат. Тайлак баатырдын найзасы да, өзүнүн дене түзүлүшү да кыска болгон. Арап баатыр болсо өтө эле алп киши. Ошондуктан аны стратегиялык тактика менен уткан. Кожоберди деген жигити дөбөнүн башына чыгып, төрт казык кагып, атынын төрт туягын ага тушап, колуна тууну көтөрүп колдоп турчу экен. Өз атын тушап салганы, "Тайлак утулуп калса да артка качпайм" деген маанини билдирет. Негизи Тайлак баатырды орус тарых барактарында "чагылган" же "чек арачы" деп атап коюшканын билдим. Тайлак баатыр кытай, калмак, жуңгарлар менен кармашып, кыргыздын жерин, элин, идеологиясын бербеген баатыр экени талашсыз. Тайлактын уулу Осмон атабыз 13-14 жашында эле "датка" атанып Кыргызстандын башын бириктирген инсан болгон.
Б.С.: — Казактар менен жуңгарлар согушуп, казактар жуңгарларды Иледен сүрүп чыкканда да Тайлак баатыр менен Атантай барып катышкан. Андан келип Кочкор менен Жумгалдагы жуңгарлардын акыркы топторун сүрүп чыгарган. Ошентип Ак-Талаада жашап калган. Тайлак баатыр Ак-Сайга, Арпага жана Соң-Көлгө жайлачу экен. Анын кайда экенин кытайлык кол башчылар билбей да калышкан. Кытай аскерлери келип, Тайлак жокто Ак-Чийдеги айыл элин өзөндүн боюна тизип туруп жаш бала, аял-эркегине карабай башын алып кетиптир. Азыр ошол жерде күмбөздөр көп. Тайлак баатырдын жубайы, Осмон датканын энеси Зулайка бир жашар баласын чапанынын артына ката коёт. Кытай аскери келип аны карап туруп, "ушундай да сулуу болобу, башын алууга кол барбайт" деп кетип калыптыр. Ошондон улам Ак-Талаада азыр "Кытай кырылды", "Арап өлгөн жер" деген жерлер бар.
Б.К.: — "Кытай кырылды" деген жерде тарыхта 700 аскер өлгөн дешет. Бирок ошол 1825-жылы күз мезгилинде бейкут жаткан кыргыз айылдарына кыргын салган манжур-цын баскынчыларын генерал Байан Бату баштаган жети миң аскерден турган кошуун мизин кайтарганы маалым. Ал жер Муса Баетов айылынын Кара-Суу жайлоосунда жайгашкан. Барсаңыз көрүстөндөр бүгүнкүгө чейин жайнайт. Негизинен мурда Ак-Талаада басыз уруусу жашаганы менен кийин саяктар барган.
Тайлак баатыр согушка катышпай койгондордун же саткындардын атын откозбой мурдун байлатып салган да учурлар болуптур. Өзү тамашөкөй, ажыкыз киши болуптур. Өзүнө өчөшкөн ички душмандарды ажыкызданып тамашага салып койчу экен. Жанболот атабыздын тогуз аялы болгон. Анын эң кичүүсү казак. Казак уруусу деп өздөрүнчө катышып турушкандыктан аларга "силер еврей сыяктуу болуп баратасыңар го" деп коём. Аларга "казак аялымдын балдары кор болуп калбасын" деп Ичке-Суудан жер бөлүп бериптир. Ал эми Тайлак атабыз беш бир тууган болгон. Экөөнүн аты чыгып, калган үчөө буларга жардам берген. Тайлак атабыздын какыраган жерге арык жасап, суу чыгарган да жайы бар. Азыр ал жер Тайлактын арыгы деп аталат. Учурда ошол аймактагы эл сууну дыйканчылыкка пайдаланып жатышат. Тайлак калыстыгы, чечендиги, айкөлдүгү менен элдин башын бириктире алган. Жоокерлерине да калыстык менен карап, баарына тең бөлүп берчү экен. Жоо келгенде да он башы, жүз башылары дароо пайда болуп калган. Мунун баары анын кыйын стратег экенинен кабар берет. Аймактардагы саяктарга тез эле кабар жетип, жыйналып калышкан.
— Баатырдын өлүмү тууралуу түрдүү уламыштар айтылып жүрөт...
Б.К.: — Ооба, айылдагы чыккынчылар ууландырган дешет. Бирок кеңири тараган версиясында Кокондон келген табыптыгы мыкты тыңчы өлтүргөн деп айтылат. Ал айылда эки жылдай жашап, беш-алты кишини дарылап элдин ишенимине кирет. Бир ирет Тайлак ооруп калганда келип, ууга чыланган устара менен чачын (айрым маалыматта таноосун — Б.Капарбек уулу) кырып жатып ууландырган экен. Тайлак баатыр сайыштан эмес, жай турмушта өмүр менен кош айтышып жатканына өкүнүп кеткен экен. Ал киши 1838-жылы 42 жашында көз жумган.
— Баатырдын урпактары азыр кайда?
Б.С.: — Урпактары Тогуз-Тородо да бар. Ак-Талаада 70ке жакын түтүн жашайт. Уулу Осмон датканын кыргызга жасаган көп эмгеги бар. Бирок тарыхта ал киши анча айтылбай келет. Учурда Тайлак баатырдын хрестоматиясын даярдап койдук, бирок чыгарууга акча жок болуп турат. Баатыр туурасында толук метраждуу көркөм тасма тартуу чечими кабыл алынган. Сценарий жазылып, тасма тартууга даярдык башталган. Аны Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев жана Бакыт Турдубаев жазган. Болочок картинанын режиссёрун тандоого сынак да жарыяланган. Бирок өкмөт акча бөлбөй жана атайын комиссия тарабынан режиссёр тандалбай калгандыктан тарыхый кино тартылбай калган. Кийин да кыска метраждуу тасма тартууга аракеттер көрүлүп, бирок көңүлгө толбоду.
Б.К.: — 2009-жылы кадастрдан өтүп, райондук кеңештин аксакалдары Ак-Талаада "Тайлак баатыр" спорт мектебин ачып берген. Ал мектептен дүйнөнү дүңгүрөткөн балдар-кыздарыбыз чыгып, учурда 460 бала билим алууда. Бишкекке да демөөрчүлөр "Тайлак баатыр" атындагы спорт клубун ачып берген. Баатыр атабызга эстеликтер да орнотулган. Бирок Нарындагы эстелиги кирип келе жаткандарга далысын салып калган. Бул наркка туура келбейт. Архитектурадан ката кеткен. Ал эми Тайлак баатырга арналган кыска метраждуу тасма да абдан бурмаланып калган. Баатырды жазарда же тартарда тарыхчыларга кайрылып же жакшы билген урпактары менен да кеңешиш керек. Тактоо зарыл.
Тыныбек манасчынын эл билбеген өнөрү, касиети. Небереси Табылды Актанов менен маек