Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагон Киевге 375 миллион долларлык жардам берилип жатканын айтты

Ал HIMARS үчүн кошумча ок-дары, артиллериялык снаряддарды, танкага каршы куралдарды камтыйт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Американын Украинага аскердик жардамынын жаңы пакети 375 миллион доллар деп бааланды. Бул тууралуу Пентагондун расмий сайтындагы билдирүүгө шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Бул HIMARS үчүн кошумча ок-дары, артиллериялык снаряддарды, танкага каршы куралдарды камтыйт", — деп билдирди Аскер департаменти.
Мындан тышкары, пакетке TOW жана Javelin танкка каршы системалары, ошондой эле оор техникаларды ташуу үчүн жүк ташуучу унаалар кирген.
Президент Жо Байден Киевге кошумча жардам бөлүнөрүн бүгүн Хиросимадагы G7 саммитинин алкагында украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен жолугушуудан кийин билдирди.
РФ президенти Владимир Путин айтып келгендей, Россия украин жаңжалын улантууга эмес, аны токтотууга умтулууда. Бирок Батыш өлкөлөрү согуштук аракеттерди улантып, курал-жарак менен камсыздоону көбөйтүү зарылдыгын тынымсыз айтып келишет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Бахмутту жоготконун моюндады