Нарындагы 28-майга чейинки аба ырайы

Синоптиктер апта бою Нарында аба ырайы жаан-чачындуу болорун божомолдоп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызгидромет 28-майга чейин Нарын аймагында кандай аба ырайы болору тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 22-23-24-майда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүүдө. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
Ал эми 25-26-27-28-майда айрым жерлерде өткүн өтөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 22-майда секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.
Нарын шаарына жети электробус алып келинери айтылды