Кыргызстанда 3,3 млн. аял жашайт. Энелер күнүнө карата статистика

Республика боюнча элет жеринде аялзатынын шаардагыларга караганда дээрлик 64 пайызы жашайт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Статистика боюнча улуттук комитети өлкөдөгү Энелер күнүнө карата республикадагы аялзаты тууралуу кызыктуу маалыматтарды берди.
Өлкөдө 3 миллион 357 миң аял (2023-жылдын 1-январына карата) бар;
алар калктын жалпы санынын жарымынан көбүрөөгүн, тагыраагы, 50,6 пайызын түзөт;
шаар жерлеринде 1 миллион 286 миң аял (36 пайыз), айыл жерлеринде 2 миллион 271 миң аял (дээрлик 64 пайызы) жашайт;
2022-жылы республикада 15-55 жаштагы 150 миңден ашуун аял "эне" макамына ээ болгон;
Кыргызстанда тун баласын төрөгөн энелердин орточо курагы 23 жаштын тегерегинде;
2000-жылдан бери Кыргызстанда төрөттүн өсүшү байкалган. 15-49 жаштагы бир аялга орто эсеп менен үч бала туура келет. Бул биздин өлкөдө калктын кеңири көбөйүшүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү көрсөткүч.
Эске салсак, май айынын үчүнчү жекшембисинде өлкө аймагында Энелер күнү белгиленет. Кыргызстанда аталган дата президенттин жарлыгы менен 2012-жылдан бери белгиленүүдө. Быйыл бул майрам 21-майга туш келди.
Энеге кичинесинде таарынган баланын жан дүйнөсү кандай өзгөрөт