21 чакырымга чейин чуркаса болот. Бишкекте "One Run" марафону өтөт

Марафончулар. Архивдик сүрөт
Жөө күлүктөр 23-майга чейин катталышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкекте эл аралык "One Run" жарым марафону өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Мелдеш 4-июнда болот. Анда 21, 1, 10 жана 5 чакырымга чуркоо каралган. Ошондой эле балдарга 1 чакырымдык жарыш уюштурулат.
Иш-чара ден соолукту чыңдоо жана спортту жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.
Бул марафондун бир өзгөчөлүгү белгиленди. Мелдеш Кыргызстан менен бир убакта Россия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кытайда болот. Миңдеген киши бир убакта чуркайт.
Катышам дегендер runthesilkroad.kg сайтына 23-майга чейин катталышы керек.
Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы. Архив
Кыргызстандык кыз-келиндер волейбол боюнча Азия зоналдык чемпионатына катышат