Бишкектин кээ бир жеринде 22-май күнү жарык өчөт. График

Электриктердин бригадасы трансформаторлорду оңдоп, бактарды буташат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө, 22-май күнү, борбор калаанын кээ бир жеринде жарык өчөт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасы кабарлады.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
8:00-17:00 — Көкчөтоо көчөсүндөгү №59 үйдө, Тоголок Молдо жана Орозбеков көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
9:00-17:00 — Исанов көчөсүндөгү №94 үйдө, Махатма Ганди, Түлөбердиев, Фере көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Можайский, Белозерск, Пензенская көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Ак-Ордо (Каркыра, Биримдик көчөлөрү) конушунда жана Төмөнкү Ала-Арча (Кыргыз, Панфилов көчөлөрү, Средний туюк көчөсү) айлында;
9:30-16:30 — 8-кичи райондогу №40 үйдө, Төкөлдөш (Кийизбаев, Менделеев, Чынар, Путепроводная көчөлөрү) конушунда;
9:30-18:00 — Чүй, Дэн Сяопин проспектилеринин бөлүктөрүндө, Ибраимов, Шопоков, Киев, 9-январь көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Арча-Бешик (Ч. Айтматов проспекти, Ак-Таң, Ак-Марал, Ак-Кайың, Бадахшан, Азамат, Ак-Куу, Даван, Улар, Береке, Муромская, Жоогазын, Назира, Ак-Шыйрак көчөлөрү) конушунда, Орто-Сай (Рысмендиев, Иманалиев көчөлөрү) айылында;
14:00-17:00 — Ынтымак (Садырбаев, Абдрахманов, Стадионная, Садыгалиев, Сакалдуу көчөлөрү) конушунда.
Жапаров саммитте Кыргызстандан чыкчу электр энергиясы 2 млрд. адамга жетерин айтты