22-майга карата аба ырайы

22-майга караган түнү Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Калган облустардын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу региондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Талас өрөөнүндө +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл чөлкөмүндө +17...+22, Нарын жергесинде +12...+17 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +24...+26, ал эми Ошто +29...+31 градус болот.
Жаан-чачындуу болот. Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайы