Радио

ӨКМ өкүлү: ар бир адамды өз өмүрүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырам

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы майор Улукбек Көркөмбаев ар бир жаранды өзүнүн өмүрү үчүн жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.
Sputnik
2023-жылдын январь айынан бери Чүй облусу боюнча беш суу кырсыгы катталды. Бул тууралуу Улукбек Көркөмбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адам сууга чөгүп бара жатканда дүрбөлөңгө түшпөгөнгө болушунча аракет кылганы аман калышына чоң жардам болот.
"Биздин облуста үстүбүздөгү жылдын январь айынан бери сууга чөккөн беш кырсык катталды. Алардын арасынан экөө чоң киши, үчөө жаш бала. Былтыр, 2022-жылы жалпы мындай 18 окуя катталган. Бул сандарга өзүнүн жанына кол салгандар да кирет. Айрымдары киши колдуу болуп, сууга ыргытылган. Мен ар бир жаранды өзүнүн өмүрүнө жоопкерчилик менен мамиле жасоого чакырып кетким келет. Ошондой эле сууга чөгүп бараткан учурда дүрбөлөңгө түшпөгөнгө алдырбоо абдан маанилүү. Мындай учурда уялбай эле үнүнүн чыгышынча кыйкырып, жардамга чакырыш керек. Өпкөгө суу киргизбегенге колунан келишинче аракет кылуу зарыл. Биринчи жардам көрсөтүүгө ар бир жаран жоопкерчилик менен мамиле жасашы шарт", — деди Көркөмбаев.
Ошондой эле ал 2023-жылдын январь айынан бери Чүй облусу боюнча беш суу кырсыгы катталганын кошумчалады.