Оверчук: ислам мамлекеттери менен эркин соода аймагын түзүүнү сүйлөшүп жатабыз

Ал соодадагы тоскоолдуктарды азайтуу жана экономика тармагындагы баарлашуу, кызматташууларды жөнөкөйлөтүүнү ишке ашыруу милдетин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Биз Евразия экономикалык бирлигинин алкагында бир катар ислам мамлекеттери менен эркин соода аймагын түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн башчысынын орун басары Алексей Оверчук "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum-2023" аталышындагы XIV эл аралык экономикалык форумда айтты.
"Сүйлөшүүлөр ошол эле учурда Египет, Иран менен болуп жатат. Бириккен Араб Эмирлиги менен сүйлөшүүгө кириштик, Индонезия менен башталды. Бул абдан жакшы белгилер. Биздин өз ара кызматташуубуз өнүгүп жатканын көрүүдөбүз. Мунун баары биздин өлкөлөрдүн жакындыгынан кабар берет. Астыбызга койгон милдетибиз – соодадагы тоскоолдуктарды азайтуу жана биринчи кезекте экономика тармагындагы баарлашуу, кызматташууларды жөнөкөйлөтүү", — деди Оверчук.
KazanForum Татарстандын борборунда өтүүдө. Бул Россия менен ислам өлкөлөрүнүн кызматташуусу үчүн негизги аянтча болуп саналат. Форумдун максаты – РФ аймактарынын жана Ислам кызматташтык уюмундагы мамлекеттердин соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, социалдык жана маданий тармактардагы алакасын бекемдөө.
Кыргызстандык балдар Россиядагы эл аралык лагерлерге чакырылат. Жаңы келишим