Оштогу карактоо: 30 жаштагы шектүүнүн үйүн тинтүүдө граната алынды. Сүрөт

Учурда шектүү катары 11 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Оштогу карактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн биринин үйүнөн "РГД-5" үлгүсүндөгү граната табылды. Бул тууралуу аталган шаардын милициясы кабарлады.
Буюмдар убактылуу кармоочу жайда каракчылыкка шектүү катары отургандардын бири, 30 жаштагы И.Эге таандык экени айтылды.
Ош калаасынын жана Ош облусунун аймагындагы катталган каракчылык фактылары боюнча иликтөө иштери уланууда. Шектүү катары 11 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын экөө — аял.
"19-майда шаардагы Амир-Тимур кичи районунда жайгашкан үйлөрдүн биринде тинтүү жүргүзүлүп, аскердик рюкзак, аскердик кийимдер, октор, бет кап, кол кап жана бир даана "РГД-5" үлгүсүндөгү граната алынган", — деп жазылган маалыматта.
Буюмдар убактылуу кармоочу жайда каракчылыкка шектүү катары отургандардын бири, 30 жаштагы И.Эге таандык экени айтылды.
Эске салсак, бул иштердин башы апрель айынын соңундагы окуяга такалат. Анда куралданган адамдар Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайлардын бирине кирип, кожоюнун сабап 3,6 миллион сомун карактап кеткен. Мындан сырткары, кармалган жарандар Кара-Суу районунда үйүнөн чыгып бараткан ишкердин "Toyota Land Cruiser-200" жолтандабасын аткылап, ири суммадагы акчасын тоноп кеткен окуяга да шектелүүдө.
Алардын башка кылмыштарга да тиешеси бар-жогу териштирилип жатканы айтылган.
Милиционерлер аралашкан мушташ. ШИИБ шектүүлөрдү кармаган видеону жарыялады