Ош облусу: Кыргызгидромет бир жумага аба ырайынын божомолун берди

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки жумада Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
21-22-майда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Ал эми 23-майда күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 24-майда күндүз, 25-майда түнкүсүн жаан- чачын жаайт.
Ошондой эле 26-27-майда да күндүн көзү ачылбайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнь айына карата аба ырайы