Өкмөт ар бир облуста кайра иштетүүчү өндүрүш аймактарын түзүүнү пландоодо

Бакыт Төрөбаев министрлер кабинети инвесторлор үчүн 24 саат бою ачык экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Өкмөттүн чечимине ылайык, ар бир облуста кайра иштетүүчү өндүрүш аймактарын түзүү үчүн бардык аракеттер көрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында билдирди.
Бүгүн, 20-майда, Бакыт Төрөбаев Токмок шаарындагы бир катар өнөр жай объектилерин кыдырып чыкты.
"Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, ар бир облуста кайра иштетүүчү өндүрүш аймактарын түзүү жана жүргүзүү үчүн бардык аракеттер көрүлөт. Ага ылайык, мамлекет инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана документтерди даярдоого байланыштуу жардам көрсөтүүгө милдетин алат", — деп билдирди Төрөбаев.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жергиликтүү ишканаларды колдоого чакырып, өкмөт инвесторлор үчүн күнү-түнү ачык экенин белгиледи.
Ал ошондой эле Токмок шаарындагы эскирген дөңгөлөктөрдү жана желим буюмдарды кайра иштетүүчү заводдун курулушунун долбоору менен таанышты. Заводду ишке киргизүүгө министрлер кабинети болушунча колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.
Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрүүчү дагы миң автобус алат. Сүрөт