Нарын шаарына жети электробус алып келинери айтылды

Быйыл калктын транспорт каттамын жөнгө салуу максатында Нарын калаасын электробустар менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен 76 миллион сом бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жакынкы убакытта Нарын шаарындагы жолдордун оңдоп-түзөө иштери бүткөнгө чейин электробустар алып келинет. Бул тууралуу Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов Нарын шаарынын эли менен жолугушууда кабарлады.

"Нарын шаарына электробустарды алып келүү үчүн тендер жарыяланган, бирок заводго түз жол таптык. Ошол себептен ортомчусуз алып келүүнү туура көрдүк. Мындай шартта беш электробус келчү каражатка жети электробус келет экен. Биз эле эмес Кыргызстандын башка аймактары да түз алганы турушат", – деп билдирди облус башчысы.

Белгилей кетсек, быйыл калктын транспорт каттамын жөнгө салуу максатында Нарын шаарын электробустар менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен 76 миллион сом бөлүнгөн.
Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрүүчү дагы миң автобус алат. Сүрөт