БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Москва оперетта театрынын солисттери концерт берет. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) билдирди.
"Все это о любви" аталышындагы концерт 25-май күнү саат 18:30да башталат. Кыргызстандын башкы сахнасында Москва оперетта театрынын солисттери, эл аралык сыйлыктардын ээси Максим Катырев (баритон) жана Юлия Гончарова, ошондой эле "Граэль" балети өнөрүн тартуулайт.
© Фото / пресс-служба представительства Россотрудничества в Кыргызстане
Концертке чакыруу билети менен гана кирүүгө болот. Каалоочулар билеттерди "Русский домдун" кеңсесине барып акысыз алат. Дареги: Эркиндик бульвары 2/1, саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.
Иш-чараны Россиянын Маданият министрлиги менен Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) уюштурууда.