Сианда Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдын биринчи айымдары театрга барды. Сүрөт

Биринчи айымдардын жолугушуусу жылуу жана достук маанайда өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин жубайы Пэн Лиюандын чакыруусу менен Кыргызстан жана Өзбекстандын биринчи айымдары Айгүл Жапарова менен Зиоратхон Мирзиёева Сиань шаарындагы "Исушэ" тарыхый театрына барды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирди.
Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын социалдык тармактагы баракчасына да бул тууралуу маалымат жарыяланды.
Алардын маданий жолугушуусу жылуу жана достук маанайда өткөнү айтылды.
"Мамлекет башчыларынын коштоосунда барган биринчи айымдар театрдын экспозициясы менен таанышып, куурчак театрынын, ошондой эле балдар бий топторунун чыгармачылыгын жана Цинь операсынын үзүндүсүн көрүштү", — деп айтылат маалыматта.
Театрда кытайдын салттуу искусствосунун ар кыл түрү, анын ичинде опера, салттуу бийлер, ырдоо жана кытай музыкалык аспаптарында ойноо бар экени айтылды. Аталган театр Сианда эл эң көп барган таанымал маданий жайлардын бири.
С. Жапаров жубайы менен Кытайда президенттердин учурашуу аземине катышты. Видео