Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрүүчү дагы миң автобус алат. Сүрөт

Автобустар Бишкектеги транспорттук маселелерди чечүү үчүн сатып алынып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрүүчү дагы миң автобус алат, алардын 500ү быйыл этап-этабы менен алып келинет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта бүгүн Садыр Жапаров Бишкекке алып келинчү автобустарды чыгарган "Zhongtong bus Holding Co. LTD" заводуна баргандыгы айтылат. Ал жерде Кыргызстандын делегациясы үчүн миңинчи партиядан чыккан биринчи автобус салтанаттуу чыгарылып, анын бет ачары болгон.
1 / 7

Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрүүчү дагы миң автобус алат, алардын 500ү быйыл этап-этабы менен алып келинет.

2 / 7

Бүгүн Садыр Жапаров Бишкекке алып келинчү автобустарды чыгарган "Zhongtong bus Holding Co. LTD" заводуна барды.

3 / 7

Ал жерде Кыргызстандын делегациясы үчүн миңинчи партиядан чыккан биринчи автобус салтанаттуу чыгарылып, анын бет ачары болгон.

4 / 7

Автобустардын жаңы партиясы Бишкекке этап-этабы менен жеткирилет:

5 / 7

500 автобус быйыл, калганы 2024-жылы алып келинет.

6 / 7

Мамлекет башчы жаңы автобустардын өндүрүш процесси менен таанышып, ишкананын жетекчилиги жана адистери менен баарлашкан.

7 / 7

Маалыматта автобус чыгарган компаниянын жетекчилиги Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү ниетин тастыктап, чыгарылган продукциянын жогорку сапатына жана тейлөөсүнө кепилдик бергени айтылат.

"Буга чейин аталган заводдон Бишкек шаары үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобустун партиясы сатып алынган. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган эле", — деп айтылат маалыматта.
Автобустардын жаңы партиясы Бишкекке этап-этабы менен жеткирилет: 500 автобус быйыл, калганы 2024-жылы алып келинет.
Мамлекет башчы жаңы автобустардын өндүрүш процесси менен таанышып, ишкананын жетекчилиги жана адистери менен баарлашкан.
"Автобустардын бул партиясы Бишкектеги транспорт каражаттары менен камсыздоо көйгөйүн чечет. Алар мурункулардай эле экологиялык жактан таза транспорт эсептелген газ кыймылдаткычы менен жабдылган", — деген ал.
Маалыматта автобус чыгарган компаниянын жетекчилиги Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү ниетин тастыктап, чыгарылган продукциянын жогорку сапатына жана тейлөөсүнө кепилдик бергени айтылат.
Бедел. Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир өткөрүү жайы пайда болот