Бий, мастер-класс, көргөзмө... "Музейдеги түндү" чагылдырган сүрөттөр

Бишкекте эл аралык Музейлер күнүнө карата "Музейдеги түн" акциясы өттү. Салттуу иш чарага бир нече борбордук музейлер катышып, ар бири өз программасын тартуулады. Бул күнү Улуттук тарых музейинде 70ке жакын иш-чара уюштурулуп, 12 миң көрүүчү келди.
Sputnik
Бишкекте эл аралык Музейлер күнүнө карата "Музейдеги түн" акциясы өттү. Ага бир нече борбордук музейлер катышып, ар бири өз программасын тартуулады.
Бул күнү Улуттук тарых музейинде 70ке жакын иш-чара уюштурулуп, 12 миң көрүүчү келди.
Конокторго экскурсия жана лекциялар, живопись жана скульптура боюнча мастер-класстар уюштурулду. Ошондой эле артисттер бир канча улуттардын чыгармаларын аткарышты.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде, ошондой эле Ольга Мануйлованын үй-музейинде көптөгөн иш-чаралар өттү. Бишкектеги "Русский дом" сүрөт көргөзмөлөрүн өткөрүп, космоско барып келген Кыргызстандын желегин Улуттук тарых музейинин экспозициясына тартуулады.
1 / 13

Бишкекте жыл сайын өтүүчү "Музейдеги түн" эл аралык иш-чарасы өттү

2 / 13

Ага бир нече борбордук музейлер катышып, ар бири өз программасын тартуулады

3 / 13

Улуттук тарых музейинин коноктору

4 / 13

Улуттук тарых музейинде бир убакта 70ке жакын иш-чара уюштурулду

5 / 13

Конокторго экскурсия жана лекциялар, мастер-класстар уюштурулду

6 / 13

Каалоочулар авиамоделдерди жасоо, живопись жана скульптура боюнча мастер-класстарга катышты...

7 / 13

Улуттук оюндарды, жапон оригами искусствосун, кытай каллиграфиясын жана чай даярдоо, берүү салтын көрүштү

8 / 13

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин коноктору

9 / 13

Ошондой эле иш-чаралар Ольга Мануйлованын үй-музейинде өттү

10 / 13

"Музейдеги түн" акциясынын коноктору

11 / 13

Кум менен сүрөт тартуу өнөрүн көрсөтүп жаткан улан

12 / 13

Михаил Фрунзенин музейине келген жоокер

13 / 13

Өнөрпоз кыз иш үстүндө

Тема боюнча:
Музейдеги түнгө 12 миң конок келди. Маданий иш-чаралардын чордонунан видео