Бишкекте бомба тууралуу жалган маалымат берген адам 6 айга абакка кесилди

Эркиндигинен ажыратылган адам муну бейбаштык үчүн жасагандыгын мойнуна алган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкекте телефон аркылуу "бомба коюлду" деп жалган маалымат берген адам 6 айга абакка кесилгенин УКМК кабарлады.
Ушул жылдын 3-февралында Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат тууралуу жашыруун маалымат түшүп, бирок тастыкталган эмес.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси ("Террорчулук актысы жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү") боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө террорчулук тууралуу жалган маалымат тараткан 40 жаштагы Н.А.А. аттуу жаран кармалып, муну бейбаштык үчүн жасагандыгын мойнуна алган.
18-майда Биринчи май райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылып, алты айга эркиндигинен ажыратылган.
Акылбек Жапаров бомба тууралуу маалымат тараткандар боюнча жыйын өткөрдү