БИШКЕК, 20-май — Sputnik. "Тез жет" авиакомпаниясы Баткен менен Раззаковдун каттамына чыгымдар көп болгондуктан билеттер кымбаттап кеткендигин түшүндүрдү. Бул туурасында Монополияны жөнгө салуу боюнча кызматтан билдиришти.
15-майда Бишкек — Баткен жана Бишкек — Раззаков багытындагы билеттер кымбаттап кеткендигин мамлекеттик органдар менен үч авиакомпаниянын өкүлдөрү маңдай-тескей отуруп талкуулаган.
Жарандык авиациянын менен компания өкүлдөрү Бишкек — Ош жана Бишкек — Жалал-Абад каттамынын баасы мурдагыдай эле каларын айтышты.
"Бишкек — Баткен жана Бишкек — Раззаков багытындагы каттамды "Тез жет" авиакомпаниясы ишке ашырат. Алар баанын көтөрүлүшүнүн себебин түшүндүрүп беришти. Бул каттамга чыгым көп кетип, өзүн жаппай жаткандыктан бааны көтөрүүгө туура келген", — деп айтылат маалыматта.
Авиакомпания каттамдын баасы Баткенге бүгүн 4 900дөн 6 000 сомго (мурда 4 250 сом болгон) жана Раззаковго 5 500 дөн 6 000 сомго чейин (мурда 4 500 сом болгон) экенин билдиришти.