"Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum-2023" аталышындагы XIV эл аралык экономикалык форумда Russia Halal Expo жана Russia Halal Market жарманкесинде ар кыл товарлар коюлду. Ал жерден чүйгүн эт азыктарынан тарта витаминдерге чейин көрүүгө болот. Бул продукциялардын баары көп рыноктордо, анын ичинде Кыргызстанда келечектүү.
"Россиялык өндүрүштөгү адал продукция" деген эмне? Жергиликтүү бренддер жаңы рынокту кантип багынтууда? Бул тармактын РФ жана башка өлкөлөрдүн мамилелеринде келечеги кандай? Sputnik Кыргызстан бул суроолорго жооп алды.
Ишеним маселеси
Россияда чыккан адал продукцияларга суроо-талап жогору: сатып алуучулардын 97 пайызы чет элдикине караганда жергиликтүү маркадагыларды артык көрөт. Мындай маалыматты KazanForum алкагындагы тематикалык дискуссияда "Росскачествонун" жетекчиси Максим Протасов билдирди.
"Иликтөөлөргө таянсак, адал товарларды колдонуучулардын 80 пайызы жогорку сапаттагы продукция деп баалашат. Тармактын өсүү темпи жылына 9-12 пайызды түзөт. 2030-жылга чейин Россияда адал продукцияларын экспорттоо 3,5 эсеге өсөт деп күтүлүүдө", – деп билдирди ал.
Протасовдун айтымында, өлкөдө бул тармакта иштеген, ишине олуттуу мамиле жасаган ондогон адистер бар. Бул жагдайдагы маселени чечүү үчүн билим берүү стандарттарынын зарылдыгын белгиледи. Тагыраагы, технологдорду, мал союучу цехтерди, экспорттоо боюнча адистерди даярдоо, аккредиттөө, сертификациялоону жолго коюу зарыл.
Маселенин башка жагы
Россиянын Ислам институтунун ректору Рафик Мухаметшин кээ бир учурда адал маселеси бизнеске айланып кетип жаткандыгын айтты. Атаандаштык өсүп жаткандыктан, алар бул кармашта ар кыл ыкмаларды колдонуп жатат.
"Адал деген белги, этикетка маркетингдик максатта колдонулуп баштады. Бүгүнкү күндө адал – рыноктун модалуу тенденциясы, рыноктун келечектүү өңүрү", – деди Мухаметшин.
Кырдаалды ичтен карай келгенде
Адал эт — ириде пайдалуу жана таза эт, ага кызыккандар бир эле мусулмандар эмес. Мындай пикирин Казандагы компаниялардын биринин өкүлү Линар Сулейманов айтты. Анын павильонунан куштун сүрсүтүлгөн этин, чүйгүн эттерди, казылыкты (чучукка окшош тамак – ред.) да табууга болот.
"Казылык – бизде майрамдык тамак. Алар жылкынын ич этинен жасалат. Ферменттөө жыл ичинде жасалма вентиляциясыз, желдетилген имаратта өтөт, атайын температура кармалат", — деп айтып берген Сулейманов.
Мурдагы ыкмалардын артыкчылыгы
30 жыл мурда Фарид Абый жана жубайы Зулейха адал азыктарды өндүрүү боюнча үй-бүлөлүк бизнес ачкан. Азыр алар жасаган колбаса жана башка тамак-аштар Удмуртиядан Россиянын булуң-бурчтарына кетет. Москва, Санкт-Петербург, Казань шаарлары сатып аларын сатуучу Эндже Гайнетдинова айтып берди. Ал көргөзмөгө Rusia Halal Market бренди менен келген.
"Зулейха технолог катары тамак-аштарды кантип жасоонун жолдорун ойлоп таап, өзү жасап, ар кыл татымалдарды кошуп, өркүндөтүп отурат. Бул бүлө бизнести башынан аягына чейин тыкыр алып жүрүп отуруп, ушул деңгээлге жетти. Эти дайыма жаңы. Түтүнгө эмес, атайын таарындыларга ыштайбыз. Ичегилер химиялык жол менен эмес, мурдагы, эски ыкма менен тузга тазаланат. Жаңыча кылып тазаласа тез болот, бирок биринчи орунда экологиялык жактан таза жана табигыйлык турат", — деп белгиледи Гайнетдинова.
Анын айтымына караганда, продукцияларды кылчактабай эле экспортко алып чыкса болот. Алар өндүргөн адал этке Казакстандан да кызыгып баштаган.
Адал карпаччо
Үндүктүн этинен жасалган адал карпаччонун каны жерге тамбай эле, сатылып кетерин казандагы бренддердин биринин өкүлү Олеся Акпаева айтып берди. Аны көп учурда ышталган балыкка окшоштуруп сатып алышарын кошумчалады.
"Бул чүйгүн тамакты ичке-ичке кылып тилип берет. Үндүктүн эти пайдалуу жана даамдуу келет. Мүнөздөп ичкендерге да жарайт. Анын үстүнө Татарстандын экологиялык таза районунда өндүрүлөт. Адал деген жөн гана марка эмес, ал ишке болгон мамилени да аныктаган нерсе", — деген Акпаева.
Текчелерде гана эмес
Russia Halal Expo көргөзмөсүндө товарлардын бардыгы адал сапаты боюнча аудиттен өткөн веб-портал тууралуу маалымат беришти. Платформа дүйнөнүн бардык тарабындагы адал продукцияларды сунуштоочулар менен кардарларды бириктирүүгө багыт алгандыгын анын негиздөөчүлөрүнүн бири Руслан Закирьянов айтып берди.
"Портал мүмкүнчүлүгү жеткен банкингдин эсебинен сооданын көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт.
Жасалма интеллектиге чогулган маалыматтар салынып, ар бир контрагентке анализ жасалат да, ага карата банктар келишимдерди жаңылбай каржылай алат", — деди платформанын түзүүчүлөрү.