21-майга карата аба ырайы

21-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жекшембиде күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Таласта +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көлдө +18...+23 жана Нарында +17...+22 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +25...+27 жана Ош шаарында +30...+32 градусту көрсөтөт.
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнь айына карата аба ырайы