Улуттук банктын төрагасы бааны ооздуктоого багытталган иштерин атады

Баалардын өсүшүнүн учурдагы деңгээли акча-кредиттик саясатты жүргүзүүнүн негизги чакырыгы болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Улуттук банкынын эң артыкчылыктуу иши баанын туруктуулугун кармап туруу бойдон калууда. Бул туурасында башкы банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев сомдун жүгүртүүгө чыкканына 30 жыл толгонуна карата өткөн эл аралык конференцияда билдирди.
"Азыр инфляция өсүп жаткан маалда баанын туруктуулугун кармап туруу эң артыкчылыктуу ишибиз болуп жатат. Баалардын өсүшүнүн учурдагы деңгээли — акча-кредиттик саясатты жүргүзүүнүн негизги чакырыгы. Белгилүү болгондой, бардык стратегиянын баалуулугу оор учурларда сыналат", — деди Бөкөнтаев.
Сом дүйнөлүк кризистерге карабай ишенимди актоодо. Улуттук валютага 30 жыл толду