Жапаров: Тажикстан менен достуктун духунда чек араны тактоого дилгирбиз

Мамлекет башчы өлкө эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта тынчтыкты сүйүүчү саясатты карманып келгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Тажикстан менен чек араны тактоодо достуктун жана ынак коңшулук духунда кызматташууга дилгирбиз. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Сиань шаарында өткөн "Борбор Азия — Кытай" саммитинде билдирди.
Мамлекет башчы Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта тынчтыкты сүйүүчү саясатты карманып, чек араларды жөнгө салуу маселелерин чечүүдө конструктивдүү мамиле көрсөтүп келе жатканын белгиледи.
"Өзбекстан менен биргеликте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо маселеси ийгиликтүү жыйынтыкталды. Азыр өзбек кесиптештерибиз менен чек араны демаркациялоо иштерин бүтүрүү боюнча активдүү иш алып баруудабыз. Ушул эле багытта, достуктун жана ынак коңшулуктун духунда Тажикстан менен кызматташууга дилгирбиз", — деди Жапаров.
Жапаров саммитте Кыргызстандан чыкчу электр энергиясы 2 млрд. адамга жетерин айтты