УКМК акча кымырды деп Таластын мурунку жетекчилигин кармады

Кармалгандар Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас облусунун мурунку жетекчисин, Талас шаарынын экс-мэрин жана бир катар жогорку кызматтагы адамдарды кармаганын кабарлады.
Маалыматта буга чейиен УКМК тарабынан Талас шаарында тигүү фабрикасын куруу каралган ыңгайсыз келишимдин түзүлүшү жана "Ника KGК" компаниясына 25 миллион миллион сомдун мыйзамсыз которулушу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде кылмыш иши козголгону айтылат.
1 / 2

Талас шаарынын экс-мэри Ш.А.А.

2 / 2

Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Э.Т.Т.

2022-жылдын апрель айында Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы байкоо кеңеши тигүү фабрикасынын куруу максаттуу болору тууралуу корутундусу жана сметалык документациясы жок 82 миллион сомдук долбоорду колдоп, бекитип бергени аныкталган. Мында баа жасалма жогорулатылганы белгилүү болду.
Октябрда өткөн тендерде "Ника KGК" жеңип чыгып, фабриканы курмай болгон. Акчасы курулуш бүтүп, иштер кабыл алынгандан кийин гана төлөнүп берилмек. Бирок Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Э.Т.Т. облустун ошол кездеги жетекчисинин (Б.Н.) көрсөтмөсү менен жана Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын катынын негизинде 25 миллион сом которуп берген. Каражаттын кайсы бир бөлүгү жогоруда аты аталгандарга сый акы катары ыйгарылган.
"Териштирүү учурунда курулуштун баштапкы этабында 7 миллион сомдук эреже бузуулар аныкталды. Натыйжада Таластын мурунку башчысы Н.Б.Н., шаардын экс-мэри Ш.А.А., Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Т.Э.Т., Курулуш жана инженердик инфраструктура боюнча облустук башкармалыктын мурунку жетекчиси С.С.О., "Ника KG" компаниясынын өкүлү А.у.А. кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Кармалгандар Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө уланып жатат.
УКМК: Туризмди колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова кармалды