Кызыл жагоо, пионер отряддары менен дружиналар... Өткөндөн бир элес

69 жыл ичинде 210 миллиондон ашуун бала пионер уюмуна кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. 1922-жылдын 19-майында СССРде Бүткүл союздук пионер уюму түзүлгөн. Бала чактын патриоттук дух берген майрамынын тарыхын чагылдырыган видеону Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
1924-жылга чейин Спартактын атын алып жүргөн уюмга 1924-жылы Владимир Лениндин ысмы ыйгарылган.
Пионерге 9 жаштан 14 жашка чейин балдар кабыл алынып, анын катарына өтүп жаткан жеткинчек салтанаттуу ант берчү. Андан кийин мойнуна кызыл жагоо байланып, төшүнө значок тагылып келген.
Мектептерде пионер отряддары менен дружиналар түзүлүп, жайында пионер лагерлери иштечү.
Бүткүл союздук пионер уюму СССР менен бирге 1991-жылы ишин токтоткон. 67 жыл ичинде анын катарына 210 миллиондон ашуун бала кабыл алынган.
Дүйнө эли тан берип. Гагариндин космоско учкан тарыхый видеосу