Улуттук банк: биз РФтин Борбордук банкынын ийгиликтүү иштешине кызыкдарбыз

Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Заир Чокоев кыргызстандыктарга Россиянын Борбордук банкынын ийгиликтүү иш жүргүзүшү абдан маанилүү экенин белгиледи.
Ал сомдун 30 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө РФтин Борбордук банкы оор кезеңде иштеп жатканын айтып, анын төрайымы Эльвира Набиуллинага ийгилик каалады.
"Биз Борбордук банктын ийгиликтүү иш жүргүзүшүнө абдан кызыкдарбыз. Анткени биздин 1,2 миллион жараныбыз Россияда иштейт. Мигранттардын бакубат жашоосу Борбордук банктын ишинен көз каранды", — деди Чокоев.
Швейцариянын Улуттук банкынын жетекчиси: сом — ийгиликтин тарыхы