Швейцариянын Улуттук банкынын жетекчиси: сом — ийгиликтин тарыхы

Швейцариянын башкы банкири кыргызстандык кесиптештерин мактады.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Сом аймактагы эң күчтүү валюталардын бири болуп саналат. Бул тууралуу Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан сомдун 30 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияда билдирди.
Ал ишенимдүү валюта түзүү экономиканын гүлдөп өсүшү үчүн абдан зарыл экенин белгиледи.
"Сом — аймактагы эң күчтүү валюталардын бири. Артка кылчайып карай турган болсок, сом ийгиликтин тарыхы экенин көрүүгө болот", — деди Йордан.
Ал ошондой эле анын кыргызстандык кесиптештери оор учурда иштеп жатканын, ошентсе да жетишкендиктери суктанарлык экенин айтып, сомдун 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Сом дүйнөлүк кризистерге карабай ишенимди актоодо. Улуттук валютага 30 жыл толду