Си Цзиньпин: Борбордук Азияда араздык жаратууга эч кимдин акысы жок

Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Дүйнөгө стабилдүү жана гүлдөп өнүккөн Борбордук Азия керек. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин билдирди.
Эскерте кетсек, учурда Кытайдын Сиань шаарында "Борбордук Азия — Кытай" саммити өтүп жатат.
"Борбор Азия өлкөлөрүнүн суверенитетин, коопсуздугун, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн сактоо керек. Ар бир мамлекеттин эли тандап алган өнүгүү жолун сыйлоо кажет. Аталган региондо араздык жаратууга эч кимдин акысы жок", — деди Си Цзиньпин.
Саммит Эл аралык конференциялар борборунда өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын президенттери катышууда. Бул — Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен көзмө-көз жолуккан биринчи иш-чара. Былтыр саммит виртуалдык форматта өткөн.
Кыргыз-кытай кызматташуусу: Сиань шаарында кол коюлган документтердин тизмеси