Жапаров: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу регионду туңгуюктан алып чыгат

Мамлекет башчы "Бай болгуң келсе жол сал" деген кытай эл макалын айтып өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору жүзөгө ашса регионду туңгуюктан алып чыгат. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Сиань шаарында өткөн "Борбор Азия — Кытай" саммитинде билдирди.
Мамлекет башчы Борбор Азиянын экономикасын өстүрүүнүн драйвери болуп аймактык транзиттик, транспорттук жана логистикалык потенциалды өнүктүрүү саналарын белгилеген. Анын айтымында, эң алгач дал ушул багытты жигердүү өнүктүрүү дүйнөлүк экономикага интеграциялашууну шарттап, аймак ичиндеги байланышты камсыз кылып берет.
Ошондой эле Жапаров "Бай болгуң келсе жол сал" деген кытай эл макалын айтып өттү.
"Бир алкак – бир жолдун" маанилүү звеносу болууга багытталган "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолунун курулушу регионду транспорттук туңгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иранга, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтет", — деди президент.
Аны менен катар Жапаров кыргызда "алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" деп айтыларын белгилеп, эки өлкөнүн эли ак ниет коңшу, ишенимдүү дос жана өнөктөш катары жылуу мамилелерин сактап келе жаткандыгы чоң олжо экенин кошумчалады.
Сианда "Борбор Азия — Кытай" саммити башталды. Видео