Россиядагы форумга катышкан кыргызстандык ишкер жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтты

Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында россиялык өндүрүшчүлөрдүн товарлары көп, мунун бирден-бир себеби – товарлардын баалары менен сапатынын дал келиши.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жергиликтүү дистрибьютордук ишканалардын биринин жетекчиси Бакыт Ускенбаев Sputnik агенттигинин кабарчысына Россия менен Кыргызстандын ишкерлеринин кызматташтыгынын бекемделиши тууралуу айтып берди. Ал "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum-2023" аталышындагы XIV эл аралык экономикалык форумга катышты.
"Биз керектөөчүлүк рыноктогу кызматташтыкты бекемдейбиз. Алакаларды өнүктүрүүнүн келечеги абдан жакшы, геосаясий абалдын артынан, Россиянын Чыгышка көңүл буруусунан улам биздин республикада жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралды. Бул алакаларыбыз мындан ары да бекемделет деп ишенем", — деп белгиледи Ускенбаев.
Анын айтымында, россиялык өндүрүшчүлөрдүн продукциялары Кыргызстанда көп.
"Биз иштеген тармак – турмуш-тиричилик химиясы жана азык-түлүк жаатында Россиянын товарлары басымдуулук кылат, алардын баасы сапаты менен шайкеш келет. Ага кошумча ЕАЭБге мүчө болуу – мамлекеттер аралык бизнес жүргүзүүнү жеңилдетет", — дейт ишкер.
Ошондой эле ал KazanForum бизнеске көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачкан, ишкерлик боюнча байланыштарды түзүүнү шарттаган ири иш-чара экендигине токтолду.
"Демейде, ишкерлер кайсы бир тармак боюнча өткөн иш-чараларга барат да, бул жерде болсо бир эле учурда бир нече тармактын өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөшүүгө болот", — деди Ускенбаев.
KazanForum Татарстандын борборунда өтүүдө. Бул Россия менен ислам өлкөлөрүнүн кызматташуусу үчүн негизги аянтча болуп саналат. Форумдун максаты – РФ аймактарынын жана Ислам кызматташтык уюмундагы мамлекеттердин соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, социалдык жана маданий тармактардагы алакасын бекемдөө.
Кыргызстандык балдар Россиядагы эл аралык лагерлерге чакырылат. Жаңы келишим