Кыргызстандык балдар Россиядагы эл аралык лагерлерге чакырылат. Жаңы келишим

Татарстандын борбор шаарында өтүп жаткан эл аралык форумда Кыргызстан менен Россия балдар жана жаштар саясаты жаатында кызматташуу келишимине кол коюшту.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Россиянын балдар жана жаштар боюнча "Биринчилер кыймылы" Кыргызстан менен кызматташуу келишимине кол койду. Иш-чара "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum-2023" аталышындагы XIV эл аралык экономикалык форумдун алкагында өттү.
"Биринчилер кыймылы" уюмунун төрагасынын эл аралык ишмердүүлүк боюнча кеңешчиси Арег Агасаряндын айтымында, бул макулдашуу Россия менен Кыргызстандын жаштарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого өбөлгө түзөт, ал балдар менен жаштар саясаты жаатындагы алаканы бекемдөөгө багытталган.
"РБЖК макулдашуунун алкагында кыргызстандык балдарды Россиядагы түрдүү иш-чараларга жана лагерлерге чакырууну, алардын ортосунда маданий-агартуу жаатында билим алмашуусун уюштурууну, спорттук мелдештерди өткөрүүнү, түрдүү семинар, лекцияларды онлайн-офлайн жүргүзүүнү жана башка билим берүүгө багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууну пландоодо", — деди ал.
Мындай келишим дагы алты өлкө – Кытай, Индия, Иран, Куба жана Бразилия менен түзүлдү.
"Мындан тышкары, "Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы – 2024" иш-чарасына биринчи жолу балдардын катышуусу пландалууда. Биз бул ири саамалыкка кыргызстандык лидер балдардын делегациясын да катышууга тартабыз", — деди Агасарян.
KazanForum Татарстандын борборунда өтүүдө. Бул Россия менен ислам өлкөлөрүнүн кызматташуусу үчүн негизги аянтча болуп саналат. Форумдун максаты – РФ аймактарынын жана Ислам кызматташтык уюмундагы мамлекеттердин соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, социалдык жана маданий тармактардагы алакасын бекемдөө.
Кыргызстан менен Россия аскердик кызматташтыкты тереңдетет