Сианда "Борбор Азия — Кытай" саммити башталды. Видео

Саммитке Кыргызстандын, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын башчылары катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Сианда "Борбор Азия — Кытай" саммити башталды. Иш-чаранын алдында президенттер жалпы сүрөткө түшүштү.
Саммит эл аралык конференциялар борборунда өтүүдө, ага Кыргызстандын, Кытайдын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын башчылары катышып жатат.
Пекиндин биринчи саммити былтыр виртуалдык форматта болуп, ага беш мамлекеттин башчылары катышкан эле.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кечээ Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолуккан. Андан соң бир нече документке кол коюлган.
С. Жапаров жубайы менен Кытайда президенттердин учурашуу аземине катышты. Видео