Милиционерлер аралашкан мушташ. ШИИБ шектүүлөрдү кармаган видеону жарыялады

Окуя 17-майга караган түнү саат 03:15те болгон. Бир милиционер жабырлануучу катары арыз жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкектин Жал кичи районунда милиционерлер аралашкан мушташтын видеосу жарыяланды.
Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы окуя 17-майга караган түнү саат 03:15те болгонун билдирди. Ыкчам топ барганда К.М. аттуу жаран жерде жаткан, аны ооруканага алып барганда буту сынып, мээси чайкалганы аныкталганы айтылды. Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон. Борбор калаада иштеген бир милиционер жабырлануучу катары арыз жазган.
Бул окуяга айыпталып Э. А., Б.Б., К. Р. жана Ш. А. аттуу уландар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Төртөө тең 23 жашта.
ШИИБ мушташка шектүүлөрдү кармоо учурунун видеосун жарыялады. Кадрдан атайын даярдыктагы бөлүктүн аскерлери төртөөнү жерге жаткырып, үстүнө отуруп алып чачынан аёосуз тартып, камерага бетин көрсөтүп сүйлөтүп жатканын көрүүгө болот.
Бишкектеги массалык мушташ. Милиция анын катышуучуларын издеп жатат