Инвестордон миллиондорду жана акцияларды талап кылган мамлекеттик ишкер кармалды

Мамлекеттик ишкана былтыр жаңыдан түзүлгөн. Анын директору инвесторду коркутуп, компаниясынын 20 пайыз акциясын да талап кылган деп шектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын директору А.Б. инвестордон 2,5 миллион сом талап кылып, анын 1 миллионун алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, ал кендерди иштетүүгө берилген лицензиядан ажыратабыз деп инвесторлорду коркутуп, жаңыдан түзүлгөн компаниянын 20 пайыз акциясын опузалап талап кылган деп шектелүүдө.
"Ишкананын башкы директору башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып мунай өндүрүүчү компаниянын 20 пайыз үлүшүн пара катары алып, аффилирленген номинациялардын үлүшүн каттап, андан кийин дагы 2,5 миллион сом өлчөмүндө акча талап кылган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1 миллион сом алып жаткан учурда Б.А.Т. жана кылмыш ишинин экинчи фигуранты Б.А.Н. пара менен кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасы былтыр июнь айында Энергетика министрлигинин алдында түзүлгөн. Ага жаратылыш газын жана суюлтулган газды ташуу, сактоо, кайра иштетүү, мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды сатуу боюнча улуттук оператордун укуктары берилген. Ошондой эле Кадамжай районундагы Түндүк Сох мунай-газ чыккан жеринде жайгашкан газ-техникалык курулмалардын объектилерин оперативдүү башкаруу милдетин да алган.
Ишкананын карамагына Ош, Баткен филиалдары жана "Сох жаратылыш газын сактоо жайы" кирет.
"Кыргызтранснефтегаз" жаңыдан түзүлгөндө Алишер Бейшеналиев директор болуп дайындалган. Быйыл апрель айында жетекчиликке Сүйүнтбек Аликеев келип, Бейшеналиев анын орун басарлыгына бекитилген. Бирок бир айдан кийин жетекчилик алмашып, 12-майда Бейшеналиев кайрадан директорлукка дайындалган. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
УКМК акча кымырды деп Таластын мурунку жетекчилигин кармады