Санкт-Петербургда Ленинградды коргогон кыргызстандыктар эскерилди

Ленинград үчүн салгылашта 4,5 миңден ашуун кыргызстандык көз жумса, согуш жылдары блокадада калган шаардан Кыргыз ССРине 16 миңден ашуун адам эвакуацияланып келген. Анын 3,5 миңи балдар эле.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Санкт-Петербургда блокаданын алынышынын 80 жылдыгына карата "Ленинградды коргогон кыргыздар" деп аталган иш-чара өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Иш-чара "СССР элдеринин Ленинградды бошотуудагы орду" аттуу долбоордун алкагында Ленинградды коргоо жана блокадалоо мамлекеттик мемориалдык музейинде уюштурулду.
Эске салсак, Ленинград блокадасы 1944-жылдын 27-январында бошотулган. Шаар үчүн айыгышкан салгылашта СССРдин миллионго жакын өкүлү, анын ичинде 4,5 миң кыргызстандык курман болгон.
Орден тагынган, мамлекеттик сыйлыктардын ээлеринин катарында Асанбек Оторбаев, Абыкай Токталиев, Өмүркул Жетикашкаев, Жамил Чолпонкулов, Сүйүн Керимбаев, Түмөнбай Байзаков жана башкалар бар.
Иш-чаранын катышуучулары кыргызстандыктарды, Ленинград коргоочуларын эскеришти. Анда Токтогон Алтыбасаровдун уулу Марат Абдиев доклад менен чыкты. Ал музейге "Барак тибиндеги үй" аттуу картинаны белек кылды (бул үйгө Ленинграддан эвакуацияланган балдар жайгаштырылган). Музейге Россиянын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, скульптор Виктор Остриковдун атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Токтогон Алтыбасаровдун скульптурасы дагы тартуу кылынды.
Согуштун алгачкы жылдарында блокадага алынган Ленинграддан Кыргыз ССРине 16 миңден ашык адам эвакуацияланган. Анын 3,5 миңи балдар.
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Күрмөнтү айылынын айылдык кеңешинин төрагасы Токтогон Алтыбасаров согуш жылдары Ленинград блокадасынан алып келинген 150 баланы камкордугуна алган. Айылга жеткирилген бир дагы бала өлгөн эмес.
Иш-чарада Ленинградды коргоо жана блокадалоо мамлекеттик мемориалдык музейинин, Санкт-Петербургдун мыйзам чыгаруу жыйынынын, Санкт-Петербургун улуттар аралык мамилелер жана миграциялык саясатты ишке ашыруу комитетинин, Санкт-Петербургдун жаштар саясаты жана коомдук уюмдар менен кызматташуу комитетинин, Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы элчилигинин канцелярийинин өкүлдөрү сөз сүйлөштү.
Ленинград облусундагы Слава аллеясындагы "Синявинские высоты" мемориалына кыргызстандык жоокерлердин элесине арналган эскерүү тактасы орнотулду.
Мындан тышкары, Пискарев мемориалдык көрүстөнүндө кыргызстандык жоокерлердин урматына "Ата Мекендик согуштагы Ленинград шаарынын коргоочу баатырлары - кыргызстандык жоокерлерге түбөлүк даңк" деп жазылган.
Бишкекте Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” паркында блокадачы балдар менен аларды багып алган кыргызстандыктарга эстелик орнотулду.
Бишкекте блокадачы Анна Кутанованын эстелиги салтанаттуу түрдө ачылды. Видео