Жапаров саммитте Кыргызстандан чыкчу электр энергиясы 2 млрд. адамга жетерин айтты

Жапаров өлкө азырынча энергетикалык дараметинин 13 пайызга жакынын гана ишке киргизгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Борбор Азия чөлкөмүнүн дагы бир атаандаштык артыкчылыгы катары табигый чийки затты, эң алды менен минералдык жана энергетикалык ресурстарды атады. Ал бүгүн Сиань шаарында "Борбордук Азия — Кытай" саммитинде сүйлөдү.
Мамлекет башчынын айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн энергиянын дээрлик бардыгы гидроэнергетикадан алынгандыктан, ал "жашыл энергия" болуп саналат.
"Биз азырынча энергетикалык дараметибиздин 13 пайызга жакынын гана ишке киргиздик. Мындай маанилүү тармакты өнүктүрүү үчүн өлкөбүзгө чет элдик инвестициялар зарыл. Биз бул чөйрөдө тыгыз кызматташууга даярбыз. Андыктан Кыргызстандагы чакан жана орто ГЭСтерди, энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) курууга чакырабыз. Электроэнергиябызды калкынын саны 2 миллиарддан ашкан өлкөлөргө жеткире аларыбызды эске алсак, биз бүтүндөй регион үчүн материалдык гана эмес, экологиялык жактан да чоң дивиденддерди ала тургандыгыбыз талашсыз", — деди Жапаров.
Президент аталган багытта энергетиканы өнүктүрүү боюнча "Борбор Азия – Кытай" өнөктөштүк мамилелерин түзүү идеясын колдой турганын белгиледи. Ошондой эле бул региондун уникалдуу тарых-таржымалы, көп түрдүү, бай маданий мурастары жана кызматташуу үчүн чоң дарамети бар экенин айтып өттү.
Жапаров: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу регионду туңгуюктан алып чыгат