Айыл чарба техникасын лизингге алууга керектүү документтердин тизмеси

Мындай чечим чыгарган жашоочу адегенде "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун өзү жашаган же катталган жери боюнча бөлүмүнө арыз менен кайрылышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Айыл чарба министрлиги лизингге айыл чарба техникасын алууга керектүү документтерди тизмектеди.
Мекемеден белгилегендей, лизингге дыйканчылык техникаларын алуу үчүн тургун адегенде жашаган же катталган жери боюнча "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун ошол аймактагы бөлүмүнө арыз менен кайрылышы керек. Кыргызстандын ар бир районунда "Айыл Банктын" бөлүмдөрү бар.
Төмөндө лизингге айыл чарба техникасын алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
паспорт;
үлүш жердин техникалык паспорту;
нике күбөлүгү;
жеке ишкерлик тууралуу күбөлүк (айыл өкмөттөн);
Салык кызматынан маалым кат;
Салык кызматынан патент.
Кыргызстанда былтыр лизингге мүлк алгандар көбөйдү. Техниканын түрү