Радио

Карачалов: иш учурунда каза тапкандарга кенемте бирдей эреже менен төлөнөт

Курулуш жана курулуш өнөр жай материалдар кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Элдияр Карачалов кызмат учурунда каза болгондорго кенемте кандай төлөнөрүн айтып берди.
Sputnik
Иш учурунда көз жумгандардын баарына кенемте бирдей эреже менен төлөнөт. Бул тууралуу Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кээде жарандар мыйзамды билбей, иш берүүчүнүн айтканындай көрсөтмө берип, кенемте ала албай калган учурлар кездешет.
"Соңку убакта Чаткалда каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом кенемте төлөө маселесинен улам коомчулукта талкуу жаралды. Анткен менен мыйзам боюнча, жумуш учурунда каза болгондордун баарына бирдей эреже менен компенсация берилет. Эмгек кодексинин 252-беренесинде адам кызматтык милдеттерин аткарып жатканда каза болсо 20 жылдык орточо айлык маянасы төлөнөт. Прокуратура жөнүндө конституциялык мыйзамда дагы ушул эле норма көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, каза болгон кызматкердин жашы жете элек балдары болсо иш берүүчү алар 18ге чыкканча ай сайын төлөмдөрдү төлөп турушу керек. Ал эми балдар жогорку окуу жайга тапшыра турган болсо 23 жашка чейин төлөй турган төлөмдөр бар. Ошондуктан иш берүүчүлөр эмгекти коргоо маселесине өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Кырсык болуп кетсе чоң чыгашаларга алып келет. Кошумчалай кетчү жагдай, маянадан социалдык чегерүү, салык алынат. Ал эми кенемте төлөнгөндө булар алынбайт. Орточо айлык деп окладга тажрыйбасына, чинине жараша кошулган төлөмдөр, кварталдык жана жылдык кошумча сый акыларды кошуп, жылдык эсеби чыгарылганда айтылат", — деди Карачалов.
Ошондой эле ал мамлекеттик орган же жеке фирма болобу, компенсация бирдей төлөнүшү керектигин кошумчалады.