Борбордук банктын жетекчиси инфляция боюнча божомолдорду айтты

Борбордук банктын жетекчиси өткөн жазда инфляция катуу болуп, жылдык өлчөмү 17 пайызга жеткенин эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Божомолдор боюнча, 2024-жылы Россияда инфляция максаттуу деңгээлге, төрт пайызга түшөт. Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина сомдун 30 жылдыгынын урматына арналган эл аралык конференцияда билдирди.
Ал өткөн жазда инфляция катуу болуп, жылдык өлчөмү 17 пайызга жеткенин айтты.
"Биздин бул жылга божомолубуз 5-7 пайыз болчу. Ал эми 2024-жылы инфляция максаттуу деңгээлге, төрт пайызга түшүшү керек", — деди ал.
Планга ылайык тийиштүү чаралар көрүлүп, инфляция төмөндөгөн. Эми бул жылга карата божомол 4,5-6,6 пайызды түзүп жатат.
"2024-жылы инфляцияны 4 пайызга жеткирүүнү каалап жатабыз", — деди ал.
Эске салсак, Россияда түрдүү эсептер боюнча 1,2 миллион кыргызстандык жашайт. Мигранттардын которуулары ИДПнын үчтөн бир бөлүгүнө барабар.
Улуттук банк: биз РФтин Борбордук банкынын ийгиликтүү иштешине кызыкдарбыз