Бишкекте эки апта бою ден соолук акциясы өтөт

Каалоочулар ВИЧ, гепатиттин В жана С түрлөрү боюнча дарыгерлерден кеңеш ала алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май – Sputnik. Бишкекте 22-майдан 5-июнга чейин ден соолук акциясы өтөрүн мэриядан билдирди.
Иш-чара өтчү жайлар:
22-26-май "Ош" базарынын аймагы;
29-31-май "Дордой-Дыйкан" соода борбору;
1-июндан 5-июнга чейин "Сары-Өзөн" соода борбору.
Максаты — ооруларды эрте аныктоо, дарылоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигинин кан менен байланыштуу вирустук гепатит жана ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык борбору акысыз акция уюштурат.
Анда каалоочулар ВИЧ, гепатиттин В жана С түрлөрү боюнча дарыгерлерден кеңеш ала алышат.
Радио
Райымбеков: эл кайсы ооруканага көбүрөөк барарын тиркемеден билсе болот