БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы дарыгерлерди жумушка чакырат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, ооруканага төмөнкү адистиктеги медиктер талап кылынат:
рентгенолог;
инфекционисттер;
реаниматологдор;
лаборанттар;
рентген лаборанттары.
Толук маалымат алуу үчүн оорукананын администрациясына (0312) 59-00-14 номери аркылуу кайрылууга болот.