АКШ Россия, Кыргызстан жана Армениядагы компанияларга санкция салды

Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. АКШ Россия, Кыргызстан жана Армениядагы 71 компанияга жаңы санкциялар менен экспорттук чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, 71 компаниянын ичинде Кыргызстан менен Армениянын бирден ишканасы бар. Алардын аталышы көрсөтүлгөн эмес.
АКШнын өкмөтү бул компанияларды Кошмо Штаттарынын улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясатына каршы иш алып барып жатат деп мүнөздөгөн.
Путин: Россиянын каршылаштары өлкөнү ондогон майда бөлүктөргө бөлүүнү көздөөдө