20-майга карата аба ырайы

20-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ишембиде күндүз көпчүлүк жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +20...+25, Таласта +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көлдө +16...+21 жана Нарында +15...+20 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +22...+24 жана Ош шаарында +24...+26 градусту көрсөтөт.
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнь айына карата аба ырайы