Жакшы психологду кантип тапса болот? Адистин кеңеши

Айрым учурда психолог канчалык мыкты адис болгонуна карабай кардарга жакпай калышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Учурда психологиялык кызматтарды сунуштаган адамдар өтө көп. Алардын арасынан адам өзүнө керектүү адисти кантип аныктаса болот? Бул суроого РИА Новости агенттигинин подкастында психолог, психология илимдеринин кандидаты Артур Тимофеев жооп берди.
"Эң алгач академиялык билимине көңүл буруу керек. Бул психология тууралуу базалык билими бар, адамдын физиологиясын жакшы түшүнгөн жана психологиялык жарааттар менен иштей алган адис", — деди Тимофеев.
Ошондой эле адис психологго кайрылардан мурда анын буга чейин сиздикиндей көйгөйлөр менен иштеген-иштебегенин билип алуу керектигин айтат.
"Мындан тышкары, адамдык факторлорго көңүл буруу керек. Айрым учурда психолог канчалык мыкты адис болгонуна карабай кардарга жакпай калышы мүмкүн. Кардар ага ишенип, ачыла албайт. Албетте, мындай учурда башка адис издеген туура", — деди ал.
Сөзүнүн соңунда Тимофеев психологдун жынысы эч кандай роль ойнобой турганын кошумчалады.
Бала кезден калган психологиялык жараатты кантип айыктырса болот? Жооп