Депутат Көлдө саркынды тазалоочу курулмасы жок конок үйлөрүн жабууну сунуштады

Эл өкүлү учурда саркынды суулардын баары көлгө агып түшүп жатканын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ысык-Көлдө саркынды сууну тазалоочу курулмасы жок мейманкана жана конок үйлөрүнүн ишине тыюу салуу керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев берди.
Ал акыркы кезде Ысык-Көлгө көңүл бурулбай калганын айтууда.
"Көлдүн айланасында канчалаган санаторий, пансионат, конок үйлөрү бар. Көпчүлүгүнүн саркынды сууну тазалоочу курулмасы жок. Бүт баары агып Ысык-Көлгө түшөт. Эгер ушундай мамиле кыла берсек коноктор эмес, өзүбүз да көлгө түшкүбүз келбей калат. Ошондуктан мамлекеттик мекемелер ар бирин текшерип чыгышы керек. Эгерде тазалоочу курулмасы жок болсо, конок тосконго уруксат бербеш керек", — деди Абдалиев.
Ошондой эле ал убагында маани берип Ысык-Көлдү сактап калбасак, келечек муун кечирбей турганын кошумчалады. Андыктан тез арада тапшырма берүүнү талап кылып президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылды.
Пресс-борбор
Далбаев: Ысык-Көлдөгү 103 курорттук жайдын саркынды сууну тазалоочу курулмасы жок